Салыктык текшерүүлөр (КРсынын салык кодексинде 13-главада 100-статья)

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 19 Октября 2013 в 10:30, лекция

Краткое описание

Салыктык текшерүү салык кызматынын органдары тарабынан гана жүргүзүлөт.
Салыктык текшерүүнүн катышуучулары болуп, тапшырмада көрсөтүлгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошондой эле салык боюнча өкүл саналат.
Зарыл учурларда салык кызматынын органдары атайын билимдерди жана тажрыйбаларды талап кылуучу айрым маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкпаган эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.

Вложенные файлы: 1 файл

Салыктык текшерүүлөр.doc

— 107.00 Кб (Скачать файл)

Салыктык текшерүүлөр (КРсынын салык кодексинде 13-главада 100-статья)

 

Салыктык текшерүүлөр  түшүнүгү жана анын түрлөрү

 

Салыктык текшерүү салык  кызматынын органдары тарабынан  гана жүргүзүлөт.

Салыктык текшерүүнүн  катышуучулары болуп, тапшырмада көрсөтүлгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошондой эле салык боюнча өкүл саналат.

Зарыл учурларда салык  кызматынын органдары атайын билимдерди жана тажрыйбаларды талап кылуучу  айрым маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкпаган эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.

Салыктык текшерүүнүн  максаты салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарышына контролдук жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Салыктык текшерүүлөр  төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) көчмө текшерүү;

2) камералык  текшерүү.

Көчмө текшерүү төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) пландуу текшерүү - салыктардын бардык түрлөрү боюнча салыктык милдеттенменин аткарылышын текшерүү;

2) пландан тышкаркы текшерүү - төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүүчү текшерүүлөр:

а) кайра түзүү аркылуу  өзгөртүп уюштурууну кошпогондо уюмду  өзгөртүп кайра түзүүдө;

б) уюмду жоюуда;

в) жеке ишкердин иши токтогондо;

г) салык төлөөчүнүн арызын алганда;

д) салык төлөөчүдө салыкты туура эмес эсептөө фактылары орун алгандыгын күбөлөндүрүүчү, документ түрүндө ырасталган маалыматтарды салык кызматынын органдары алганда;

3) утурлама текшерүү - салык текшерүүсүн жүргүзүү учурунда салык кызматы органында зарылдык келип чыкса, анын ичинде башка мамлекеттердин салык органдарынын суроо-талаптары боюнча, көрсөтүлгөн адамдар менен салык төлөөчү ишке ашыруучу операцияларга түздөн-түз байланышкан айрым документтерди текшерүү зарылдыгы келип чыкса, үчүнчү жактарга карата салык кызматынын органдары жүргүзүүчү текшерүү;

4) кайра текшерүү - салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу төмөнкүдөй текшерүү:

а) алар мурда текшерилген  салык төлөөчү жөнүндө пландуу  текшерүүдө аныкталбаган салыктарды туура  эмес эсептөө фактылары жөнүндө документтүү түрдө ырасталган маалыматтарды жана салык кызматынын органынын кызмат адамынын документтер мурда текшерилбегендигинин себептери көрсөтүлгөн жүйөлүү арызын алышканда;

б) салык төлөөчү мурдагы  көчмө текшерүүдө камтылган отчеттук мезгил үчүн такталган салыктык отчет бергенде.

Кайра текшерүү көрсөтүлгөн  мезгил үчүн көрсөтүлгөн документтик  маалыматтар боюнча гана жүргүзүлөт. Мында кайра текшерүүнүн натыйжасы  кайра текшерилип жаткан салыктык текшерүүгө катышпаган салык органынын кызмат адамы жүргүзүүгө тийиш;

Жүргүзүлгөн суроо талаптын, экспертизанын, кайчылаш текшерүүнүн  көчмө текшерүү аяктаган мезгилден  кийин алынган натыйжалары боюнча дайындалган кайра текшерүү ушул көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык  кызматынын органынын кызмат адамы  тарабынан жүзөгө ашырылат.

Салыкты туура эсептөө  маселелери боюнча камералык текшерүү салык төлөөчүнүн отчеттук документтери жана башка булактардан салык  органдарына түшкөн маалыматтар  боюнча түздөн-түз салык кызматынын органдары турган жерде жүргүзүлөт.

Салык текшерүүлөрүн жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан сырткары салык төлөөчүнүн ишин токтотбоого тийиш.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы  N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Көчмө текшерүү жүргүзүүнү пландаштыруу (101-статья)

 

Пландуу текшерүү текшерүүлөр планына ылайык салык кызматынын органдарынын бири акыркы текшерүүнү бүткөн күндөн 12 айдан кийин бир жолу гана жүргүзүлөт.

2. Текшерүүлөрдүн планы  учурдагы кварталга салык кызматы  органдары тарабынан түзүлүп,  текшерүүлөргө тийиш болгон салык төлөөчүлөрдүн тизмесин камтыйт жана квартал башталганга чейин кеминде 15 күндөн мурдагы мөөнөттө салык кызматы органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

3. Текшерүүлөрдүн планы  эки бөлүмдөн турат.

Биринчи бөлүм салыктарды төлөбөй коюу факторлору тобокелдигин талдоо негизинде тандалып алынган бардык салык төлөөчүлөргө карата түзүлөт, алар жалпы метод менен текшерилет.

Экинчи бөлүм, жалпы  сандын 5 пайызынан ашпаган санды  түзүүгө тийиш болгон, калган салык  төлөөчүлөргө карата кокустук методу менен тандап алуу негизинде түзүлөт.

4. Текшерүүлөр планынын  биринчи бөлүмү кызматтык пайдалануу  документи болуп эсептелет жана  жарыялоого жатпайт.

Текшерүүлөр планынын экинчи бөлүмү ыйгарым укуктуу салык  органынын ачык маалыматтык веб-сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана салык кызматынын тийиштүү жайында ачык жердеги кагаздарда жарыяланууга тийиш.

5. Салыкты төлөбөй  коюу тобокелдигинин факторлоруна  төмөнкүлөр кирет:

1) төмөнкүлөр боюнча  маалыматтардын дал келбеши:

а) салык төлөөчү тарабынан  декларациялангандан тышкары салык салуу обьекттеринин болушу жана аларды каттоо боюнча мамлекеттик органдардын маалыматтары;

б) салыктардын декларацияланган (төлөнгөн) жана эсептик суммалары;

в) Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун органдарынан алынган  маалыматтагы кирешелер;

2) чыгымдардын салык  отчеттуулугунда чагылдырылышы;

3) салык төлөөчүнүн  салыктык оорчулугу региондо  экономикалык иштин ушундай түрлөрүн  жүргүзүүчү салык төлөөчүлөр  боюнча эсептелген орточо деңгээлинен  25%ке төмөн болушу;

4) эсеп-фактураларды талдоонун натыйжалары боюнча салык кызматынын органдары алган маалыматтар жана башка салык төлөөчүлөр берген бөлөк маалыматтар боюнча кирешелердин декларацияланган суммасынан жана салыктык милдеттенмелерден четтеп кетүү;

5) камералык текшерүүлөрдүн  натыйжасы боюнча салык төлөөчүлөрдүн ишинин көрсөткүчтөрү дал келбегендигинин аныкталгандыгы тууралу салык органынын билдирүүсү боюнча негизделген түшүндүрмөлөрдү жана/же оңдолгон салык отчеттуулугун салык төлөөчүнүн бербегендиги;

6) ыйгарым укуктуу  салык органы бекитүүчү көчмө текшерүүлөрдү пландаштыруу методикасына ылайык башка тобокелдиктер;

7) салык төлөөчүнүн  азаюу жагын карай божомол  маалыматтарынын негизинде салык  төлөөчү пайдага салыктын баштапкы  суммасына оңдоолорду киргизиши.

6. Пландан тышкаркы  текшерүү, утурлама текшерүү жана кайра текшерүү КРсынынсалык Кодексинде белгиленген негиздер болгон учурда салык кызматынын органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы  N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Көчмө текшерүүлөрдү  жүргүзүү мезгили жана мөөнөттөрү

 

1. Пландык текшерүү  мындай пландуу текшерүү жүргүзүүнүн  башталышына карата бүткөн мурдагы  3 календарлык жылдан ашпаган  мезгилди камтыйт.

2. Текшерүүлөрдүн калган  түрлөрү КРсынын салык Кодексинде белгиленген салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки ар кандай мезгил үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Берилген тапшырмада  көрсөтүлүүчү пландуу текшерүү  жүргүзүү мөөнөтү салык төлөөчүгө  көрсөтмөнү тапшырган күндөн  тартып 30 календарлык күндөн, ал  эми ири салык төлөөчү үчүн - эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, 50 календарлык күндөн ашпоого тийиш.

Ыйгарым укуктуу салык  органы бекиткен критерийлерге ылайыктуу  салык төлөөчү, ири салык төлөөчү  болуп эсептелет.

4. Кыргыз Республикасынын  ар кайсы региондорунда филиалдары  бар уюмдарды пландуу текшерүү жүргүзүүдө салык текшерүүлөрүн жүргүзүү мөөнөтү ар бир филиалга карата 30 календарлык күндөн ашпашы керек.

5. Көчмө текшерүүлөрдү  жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн мезгили,  ошондой эле көчмө текшерүүнүн  өзүн жүргүзүү төмөнкүдөй учурда  токтотула турат:

1) салык төлөөчүгө  салык кызматынын органынын документтерин  берүү жөнүндө талаптар тапшырылган  күндөн тартып көчмө текшерүү  жүргүзүүдө суралуучу документтерди  салык төлөөчү берген күнгө  чейинки мезгил, буга аларды берген  күнгө чейинки мезгил кирет;

2) салыктык текшерүүнүн  катышуучуларынын ооруп калуусу,  жакын тууганынын өлүү себеби  боюнча, бирок ал 15 календардык күндөн  ашпайт;

3) айласыз күч жагдайлары  пайда болгон учурга.

6. Көчмө текшерүүнүн  мөөнөтүнүн, ошондой эле көчмө  текшерүүнүн өзүн жүргүзүү мезгили маалымат берүү жөнүндө чет мамлекеттен суроо-талапка жооп алуу жана эл аралык макулдашууларга ылайык ал боюнча салык кызматынын органдары маалыматтарды алуу үчүн зарыл болгон убакыттын мезгилинде, ошондой эле утурлама текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү мезгилинде токтотулбайт.

7. Чет мамлекетке суроо-талапты  ишке ашыруу, экспертиза жүргүзүү, утурлама текшерүүнү дайындоо  жана көчмө текшерүү бүткөн  күнгө чейин алардан натыйжаларды  албоо учурларында, көчмө текшерүү  жүргүзүлгөн суроо-талаптар, экспертиза өткөрүү, утурлама текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө текшерүү актысындагы жазууларды көрсөтүү менен аяктайт.

8. Суроо-талапка жоопторду,  экспертизалардын же утурлама  текшерүүлөрдүн натыйжаларын алуу  кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү  үчүн негиз болуп саналат.

9. Пландан тышкаркы  текшерүү, пландуу текшерүү үчүн  аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.

10. Утурлама текшерүү 10 календарлык күндөн ашпаган  мөөнөттө жүргүзүлөт.

11. Кайра текшерүү 15 календардык  күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

 

Көчмө текшерүүгө көрсөтмө

 

1. Көчмө текшерүү жүргүзүү  үчүн салык органынын жетекчиси  төмөнкүдөй реквизиттерди камтыган  белгиленген формадагы көрсөтмөгө  кол коет:

1) салык органында  көрсөтмөнү каттоо датасы жана  номери;

2) текшерүү жүргүзө  турган салык органынын аталышы;

3) салык төлөөчүнүн толук аталышы;

4) салык төлөөчүнүн  идентификациялык номери;

5) текшерүүнүн (контролдун) түрү;

6) текшерүүнүн негизи;

7) текшерүүнүн предмети;

8) КРсынын салык Кодексине ушул кодекске ылайык текшерүү жүргүзүүгө тартылган текшерүүчү адамдардын кызматы, аты-жөнү;

9) текшерүү жүргүзүү  мөөнөтү;

10) текшерилүүчү салыктык  мезгил.

2. Көрсөтмөнүн формасы  ыйгарым укуктуу салык органы  тарабынан белгиленет.

3. Көрсөтмөгө салык  органынын жетекчиси же салык  органынын жетекчиси ыйгарым  укук берген адам кол коюп, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлүп жана ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипке ылайык атайын журналга катталууга тийиш.

4. Көчмө текшерүүнүн  мөөнөтү узартылган учурда кошумча  көрсөтмө таризделип, анда мурдагы  көрсөтмөнүн каттоо номери жана  датасы көрсөтүлөт.

 

Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы

 

1. Көчмө текшерүүнү  жүргүзүүнүн башталышы болуп  салык төлөөчүгө көрсөтмө тапшырылган  күн эсептелет.

2. Көрсөтмө салык төлөөчүгө  аны эсепке алган жердеги салык  кызматынын органы тарабынан  берилет же жиберилет.

3. Көрсөтмө төмөнкүлөргө:

1) уюмдун жетекчисине,  анын салык боюнча өкүлүнө,  же

2) жеке жакка, анын  салык боюнча өкүлүнө,

жеке кол койдуруу же бул көрсөтмөнү алуу фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен берилиши мүмкүн.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар көрсөтмөнү алуудан качса, көрсөтүлгөн көрсөтмө заказдык кат менен почта аркылуу жиберилет. Мында көрсөтмө аны тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн заказдык катты алган күнү алынды деп эсептелет.

4. Көчмө текшерүүнү  жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

5. Көчмө текшерүүнү  жүргүзүүчү салык кызматынын  органынын кызмат адамы салык  төлөөчүгө көрсөтмөнүн биринчи  нускасын тапшырат. Көрсөтмөнүн  экинчи нускасына аны алгандыгы  жана таанышкандыгы жөнүндө салык төлөөчүнүн же анын салык боюнча өкүлүнүн белгиси коюлат.

 

Көчмө текшерүүнүн  бүтүшү

 

1. Көчмө текшерүү бүткөндө  салык кызматынын органынын кызмат  адамы төмөнкүлөрдү көрсөтүү  менен акт түзөт:

1) көчмө текшерүү жүргүзүлгөн  жерди, акт түзүлгөн күндү;

2) текшерүүнүн түрүн;

3) көчмө текшерүү жүргүзгөн  салык кызматынын органынын кызматкеринин  же кызматкерлеринин кызматын, аты-жөнүн;

4) салык төлөөчүнүн  аты-жөнүн же болбосо толук  аталышын;

5) салык төлөөчүнүн  турган жерин, банктык реквизиттерин, ошондой эле анын идентификациялык салык номерин;

6) салык төлөөчүнүн салык жана  бухгалтердик отчетторду жүргүзүүгө  жана бюджетке салыктарды төлөөгө  жооптуу жетекчисинин жана кызмат  адамдарынын аты-жөнүн;

Информация о работе Салыктык текшерүүлөр (КРсынын салык кодексинде 13-главада 100-статья)