Салыктык текшерүүлөр (КРсынын салык кодексинде 13-главада 100-статья)

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 19 Октября 2013 в 10:30, лекция

Краткое описание

Салыктык текшерүү салык кызматынын органдары тарабынан гана жүргүзүлөт.
Салыктык текшерүүнүн катышуучулары болуп, тапшырмада көрсөтүлгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошондой эле салык боюнча өкүл саналат.
Зарыл учурларда салык кызматынын органдары атайын билимдерди жана тажрыйбаларды талап кылуучу айрым маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкпаган эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.

Вложенные файлы: 1 файл

Салыктык текшерүүлөр.doc

— 107.00 Кб (Скачать файл)

7) мурдагы текшерүү жана Кыргыз  Республикасынын салык мыйзамдарын мурда аныкталган бузууларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды;

8) текшерилүүчү салык мезгилин  жана текшерүү жүргүзүү үчүн  салык төлөөчү берген документтер  жөнүндө жалпы маалыматтарды;

9) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын тиешелүү ченемине таянуу менен текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген салык милдеттенмесин эсептөөнүн толук негиздемесин.

2. Көчмө текшерүү мөөнөтүнүн  бүтүшү салык төлөөчүгө текшерүү  жөнүндө актыны тапшырган күн  болуп эсептелет.

3. Көчмө текшерүү боюнча актыга документтердин зарыл болгон көчүрмөлөрү, салык кызматы органынын кызмат адамы жүргүзгөн эсептөөлөр жана текшерүүнүн жүрүшүндө алынган башка материалдар тиркелет.

4. Көчмө текшерүү боюнча акт  кеминде эки нускада түзүлөт  жана ага текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамы жана текшерилүүчү уюмдун жетекчиси же жеке ишкер же алардын салык боюнча өкүлдөрү кол коюшат. Көрсөтүлгөн адамдар актыга кол коюудан баш тартышса, бул тууралуу актыга тийиштүү белги коюлат.

5. Көчмө текшерүү боюнча актынын бир нускасы салык төлөөчүгө берилет. Көчмө текшерүү боюнча актыны алганда салык төлөөчү аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.

 

Көчмө текшерүүнүн  материалдарын кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгаруу

 

1. Көчмө текшерүүнүн материалдары салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан каралат.

Салык төлөөчү көчмө текшерүүнүн  актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү  же каршы пикирлерин берсе, текшерүүнүн  материалдары салык төлөөчүнүн же анын салык боюнча анын өкүлүнүн катышуусунда каралат.

Салык органы текшерүү материалдарын  кароо убактысы жана орду жөнүндө  салык төлөөчүгө мындай кароого  чейин 5 жумушчу күн мурда кабарлайт.

Эгерде салык төлөөчү билдирүүгө карабастан келбей койсо, текшерүү материалдары, анын ичинде салык төлөөчү берген түшүндүрмөлөр, анын каршы пикири, башка документтер жана материалдар анын катышуусуз каралат.

2. Көчмө текшерүүнүн материалдарын  кароонун натыйжалары боюнча  салык органынын жетекчиси же  жетекчинин орун басары төмөнкүдөй  чечим чыгарат:

1) салыкты, туум-айыпты эсептөө  жана/же азайтуу жөнүндө;

2) салыктык укук бузуулар үчүн  салык төлөөчүнү жоопкерчиликке  тартуу жөнүндө;

3) салык төлөөчүнү жоопкерчиликке  тартпоо жөнүндө;

4) көчмө текшерүү жүргүзүү  мөөнөтүн ушул Кодекстин 102-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн чегинде узартуу жөнүндө.

Салык органынын чечиминин  формасын ыйгарым укуктуу салык  органы аныктайт.

 

3. Салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимде төмөнкүлөр жазылат:

1) укук бузуулардын жагдайы, алар жүргүзүлгөн текшерүүдө кандайча аныкталгандыгы жана көрсөтүлгөн жагдайды ырастаган башка маалыматтар;

2) салык төлөөчүнүн  өзүн коргоого карата негиздери  жана мындай негиздерди текшерүүнүн натыйжалары;

3) ушул Кодекстин ченемдерин  бузууларды көрсөтүү менен салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу негиздери жана көрүлүүчү жоопкерчилик чаралары.

4. Чыгарылган чечимдин  негизинде салык төлөөчүгө ушул  Кодексте белгиленген тартипте  эсептелген салыктардын, туум-айыптардын жана салык санкцияларынын суммалары жөнүндө кабар жиберилет.

Эсептелген салыктардын, туум-айыптардын жана салык санкцияларынын суммалары жөнүндө билдирүүнү алган  салык төлөөчү, эгерде ал ушул Кодексте белгиленген тартипте көчмө текшерүүнүн  натыйжаларына даттанбаса кабарды алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде аны аткарууга милдеттүү.

5. Салык кызматынын  чечими жана кабарлоо салык  төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген  тартипте тапшырылат.

6. Ушул берененин талаптарынын  салык кызматы органдарынын кызмат  адамы тарабынан сакталбашы, салык кызматы органдарынын чечимин жоюу үчүн негиз болуп бериши мүмкүн.

7. Салык төлөөчү - жеке  жак же салык төлөөчүнүн - уюмдун  кызмат адамы администрациялык  жоопкерчиликке тартылууга тийиш  болгон аныкталган укук бузуулар  боюнча ошол салык төлөөчү катталган салык кызматынын органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы аны Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте кароо үчүн администрациялык укук бузгандык жөнүндө протокол түзөт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Камералык текшерүү жүргүзүү (107-берене).

 

1. Камералык текшерүү  салыктарды эсептөө жана төлөө  үчүн негиз болгон, салык төлөөчү  берген салык отчетторунун, ошондой  эле салык органында болгон  салык төлөөчүнүн иштери тууралу документтердин негизинде салык органы турган жер боюнча, салык төлөөчүнү тартпастан жүргүзүлөт.

2. Камералык текшерүү  салык органынын жетекчисинин  кандайдыр бир атайын чечимисиз,  кызматтык милдеттерине ылайык  салык органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Камералык текшерүү  жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым  укуктуу салык органы тарабынан  белгиленет.

4. Салык органы камералык  текшерүүнүн натыйжалары боюнча  салыктын суммасын азайтуу же  жогорулатуу фактысын, ошондой эле  салык отчетторун толтурууда жол берилген башка каталарды аныктаса, салык органы аныкталган катачылыктарды 15 календардык күндүн ичинде четтетүү талабы жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт.

5. Салык төлөөчү камералык  текшерүүдө аныкталган катачылыктарды  белгиленген мөөнөттө четтетпесе, салык органы ушул Кодекстин 82 жана 83-беренелеринин талаптарына ылайык кабар жиберүүгө укуктуу.

 

Камеральная налоговая проверка

Камералык текшер\\ салык тълъч\лъргъ  да сбор тълъъч\лъргъ да, салыктык агенттерге да карата ътъкър\лът.

Камералык текшер\\н\н  маёызы тъмънк\дъ турат: алгач инспектор  салык органдарына кадимки тартипте тапшырылган документтерди карап чыгат. Качан гана кандайдыр бир суроо пайда болгон учурда кошумча маалыматтары талап кыла алат. Эреже катары, камералык текшер\\н\н ж\р\ш\ндъ салык отчетторун толтурууда кетирилген каталар табылат жана документтердеги маалыматтар салыштырылып текшерилет.

Камералык текшер\\ 2 милдетке ээ: биринчиден, бул салыктык декларацияларды т\з\\н\н тууралыгын жана ырастыгын котролдоонун каражаты, экинчиден, къчмъ теекшер\\н\ ъткър\\ \ч\н салык тълъч\лърд\ бъл\п алуунун негизги каражаты. Къчмъ текшер\\ салыктык текшер\\н\н эмгекти бир кыйла  къп талап кылуучу  формасы. Ошондуктан ал камералык текшер\\н\н м\мк\нч\л\ктър\ калбай калган учурларда, б.а. салык тълъъч\гъ карата контролдук чаралар ж\рг\з\л\ш\ керек. Бул текшер\\дъ инспектор текшерил\\ч\ обьектке т\здън т\з келип текшерет.

Камералык текшер\\ салык органы жайгашкан жерде, салык тълъъч\ тарбынан кърсът\лгън салыкты эсептъъ жана тълъъ негизиндеги салыктык декларациялардын жана документтердин, о.э. салык органындагы салык тълъъч\н\н\ иштери  жън\ндъг\ башка документтердин негизинде ж\рг\з\лът.

При проведении камеральной проверки налоговые органы имеют право  истребовать у налогоплательщика (плательщика сбора, налогового агента) дополнительные сведения, получить объяснения и документы, подтверждающие правильность исчисления и своевременность уплаты налогов. Лицо, которому адресовано требование о представлении документов, обязано направить или выдать их налоговому органу в пятидневный срок (ст.93 НК РФ). Отказ налогоплательщика (плательщика сбора, налогового агента) от представления запрашиваемых при проведении проверки документов или непредставление их в установленные сроки признается налоговым правонарушением и влечет ответственность, предусмотренную ст. 126 НК РФ.

Камеральная проверка проводится уполномоченными  должностными лицами налогового органа в соответствии с их служебными обязанностями  без какого-либо специального решения  руководителя налогового органа в течение трех месяцев со дня представления налогоплательщиком налоговой декларации и документов, служащих основанием для исчисления и уплаты налога, если законодательством о налогах и сборах не предусмотрены иные сроки.

Если проверкой выявлены ошибки в заполнении документов или противоречия между сведениями, содержащимися в представленных документах, то об этом сообщается налогоплательщику с требованием внести соответствующие исправления в установленный срок.

При проведении камеральной проверки налоговый орган вправе истребовать у налогоплательщика дополнительные сведения, получить объяснения и документы, подтверждающие правильность исчисления и своевременность уплаты налогов.

На суммы доплат по налогам, выявленные по результатам камеральной проверки, налоговый орган направляет требование об уплате соответствующей суммы налога и пени.

Көчмө текшерүүлөрдү, рейддик  салык контролунжүргүзүү, салык  постун орнотуу үчүн аймактарга жана жайларга салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын кириши

 

1. Салык төлөөчү көчмө  текшерүүнү, рейддик салык контролун  түздөн-түз жүргүзүүчү же салык  постун орнотуучу (мындан ары  бул главада - текшерүү) салык  кызматы органдарынын кызмат  адамын, ал кызматтык күбөлүгүн  жана ошол салык төлөөчүнү  текшерүүсү жөнүндө салык органынын көрсөтмөсүн көрсөткөн учурда аймактарга же жайларга киргизүүгө милдеттүү.

2. Түздөн-түз текшерүү  жүргүзүүчү салык кызматы органдарынын  кызмат адамы салык төлөөчүнүн  иш жүргүзүү үчүн колдонулуучу  аймактарын же жайларын же  болбосо салык төлөөчүгө берилген документтик маалыматтарда көрсөтүлгөн объекттер жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматка ылайык келишин аныктоо үчүн салык салуу объекттерин текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.

3. Текшерүү жүргүзүүчү  салык кызмат органдарынын кызмат  адамынын, салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылынса, ал адам өзү жана салык төлөөчү кол койгон протокол түзөт, анын негизинде салык кызматынын органы салыктык милдеттенменин суммасын баалоонун кыйыр методдорунун негизинде өз алдынча аныктоого укуктуу.

Салык төлөөчү көрсөтүлгөн  протоколго кол коюудан баш тартса, ага тийиштүү жазуу жазылат.

4. Текшерүү жүргүзүүчү  салык кызматы органдарынын кызмат  адамынын салык төлөөчүнүн аймагына  же жайларына киришине мыйзамсыз  тоскоолдук кылуу, салык укуктарын бузуу деп табылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартууга кириптер кылат.

5. Салык кызматы органынын  кызмат адамы салык төлөөчүнүн  аймагына же жайларына кирүү  үчүн, эгерде Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык мындай уруксат керек болсо, аны өзү менен ала жүрүүгө милдеттүү.

6. Салык төлөөчү текшерүү  жүргүзүү үчүн аймактарга же  жайларга салык кызматы органынын  кызмат адамын төмөнкүдөй учурларда  киргизбей коюуга укуктуу, эгерде:

1) көрсөтмө көрсөтүлбөсө  же тапшырылбаса же болбосо белгиленген тартипте жол-жоболоштурбаса;

2) көрсөтмөдөгү көрсөтүлгөн  текшерүү мөөнөтү келе элек  болсо же бүтүп калса;

3) бул адам көрсөтмөдө  көрсөтүлбөсө;

4) текшерилүүчү салыктык  мезгилге тиешеси жок документтер  суралса.

7. Текшерүү жүргүзүүчү салыктык кызмат органдарынын кызмат адамын турак жайларда жашоочу жеке адамдардын эркинен тышкары киргизүүгө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе, жол берилбейт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы  N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Текшерүү

 

1. Текшерүү жүргүзүүчү  салык кызматы органынын кызмат  адамы текшерүүнүн толуктугу  үчүн мааниси бар жагдайларды  аныктоо максатында документтерин  же мүлкүн текшерүү жүргүзүлгөн  салык төлөөчүнүн аймактарын  же жайларын карап чыгууга  укуктуу.

2. Текшерүү жүргүзүүгө текшерүү жүргүзүлгөн салык төлөөчү же анын салык боюнча өкүлү катышууга укуктуу.

3. Текшерип кароодо  фото жана киного тартуу, видео  жазуу жүргүзүлөт, документтердин  көчүрмөлөрү алынат же ыйгарым  укуктуу салык органы белгилеген  учурларда башка иш-аракеттер аткарылат.

4. Текшерүүнүн натыйжалары  текшерүү актысы менен жол-жоболоштурулат  же текшерүү материалдарында  чагылдырылат.

 

Документтерди талап  кылуу

 

1. Текшерүү жүргүзүүчү  салык кызматы органынын кызмат  адамы текшерилүүчү салык төлөөчүдөн  текшерүү үчүн керектүү документтерди талап кылууга укуктуу.

Документтерди берүү  талап кылынган салык төлөөчү, аларды мындай талап тапшырылган күндөн тартып 5 жумушчу күнүнүн ичинде салык кызматы органдарына жиберүүгө  же берүүгө милдеттүү.

Айрым учурларда документтер салык төлөөчү күбөлөндүргөн көчүрмөлөр түрүндө берилет.

2. Текшерүү жүргүзүүдө  суралган документтерди берүүдөн  салык төлөөчүнүн баш тартышы  же аларды белгиленген мөөнөттө  бербей коюу салыктык укук  бузуу катары таанылат жана  ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

Информация о работе Салыктык текшерүүлөр (КРсынын салык кодексинде 13-главада 100-статья)