Салыктык текшерүүлөр (КРсынын салык кодексинде 13-главада 100-статья)

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 19 Октября 2013 в 10:30, лекция

Краткое описание

Салыктык текшерүү салык кызматынын органдары тарабынан гана жүргүзүлөт.
Салыктык текшерүүнүн катышуучулары болуп, тапшырмада көрсөтүлгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошондой эле салык боюнча өкүл саналат.
Зарыл учурларда салык кызматынын органдары атайын билимдерди жана тажрыйбаларды талап кылуучу айрым маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкпаган эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.

Вложенные файлы: 1 файл

Салыктык текшерүүлөр.doc

— 107.00 Кб (Скачать файл)

Экспертиза

 

1. Зарыл учурларда  салыктык контроль жүргүзүү боюнча  иштерге катышуу үчүн бюджеттин  каражаттарынын эсебинен келишимдик  негизде эксперт ишке тартылышы  мүмкүн.

Экспертиза салык төлөөчүнүн ишинин айрым жактарын изилдөөдө жана баалоодо атайын илимди талап кылуучу маселелерди түшүндүрүү үчүн дайындалат.

2. Бул беренеде эксперт  деп атайын билимдерге ээ жана  экспертиза жүргүзүү үчүн салык  кызматы органдары тарабынан  ишке тартылган адам түшүнүлөт.

3. Эксперттин алдына  коюлган маселелер жана анын корутундусу эксперттин атайын билимдеринин чегинен чыкпоого тийиш.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө  каралган учурларда экспертиза  жүргүзүү жөнүндө чечим салык  төлөөчүнүн же текшерүү жүргүзүүчү  салык кызматы органынын кызмат  адамынын арызы боюнча салык органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.

Чечимде экспертиза дайындоо үчүн негиздер; эксперттин аты-жөнү жана экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон уюмдун аталышы; экспертке коюлган  маселелер жана эксперттин карамагына берилүүчү материалдар көрсөтүлөт.

5. Эксперт экспертизалоо  предметине таандык текшерүү  материалдары менен таанышууга, ага кошумча материалдарды берүү  жөнүндө өтүнүч кат тапшырууга  укуктуу.

6. Эксперт ага берилген  материалдар жетишсиз болсо же  ал экспертиза жүргүзүү үчүн  зарыл билимдерге ээ болбосо корутунду берүүдөн баш тарта алат.

7. Салыктык текшерүү  жүргүзүүчү салык кызматы органынын  кызмат адамы текшерилүүчү салык  төлөөчүнү ушул берененин 4-бөлүгүнө  ылайык кабыл алынган чечим  менен тааныштырууга жана ушул  берененин 9-бөлүгүндө каралган анын укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү, бул тууралуу протокол түзүлөт.

8. Эксперт өзүнүн атынан  кат жүзүндө корутундусун берет.  Эксперттин корутундусунда ал  жүргүзгөн изилдөөлөр, коюлган маселелерге  карата тыянактар жана негиздүү  жооптор жазылат. Эгерде эксперт экспертиза жүргүзүүдө ага коюлган маселелерден тышкаркы иштин жагдайы үчүн мааниси бар себептерди аныктаса, ал мындай жагдайлар тууралу тыянактарды өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

9. Эксперттин корутундусу  же корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө анын билдирүүсү текшерилүүчү адамга берилет, ал өзүнүн түшүндүрмөлөрүн берүүгө же каршы пикирин билдирүүгө, ошондой эле экспертке кошумча маселелерди коюу жана кошумча же кайталап экспертиза дайындоо жөнүндө суранууга укуктуу.

10. Кошумча экспертиза корутунду жетиштүү түрдө ачык-айкын же толук болбогон учурда дайындалат жана ошол эле же башка экспертке тапшырылат.

Кайталап экспертиза жүргүзүү эксперттин корутундусунун негиздүү эместиги же анын тууралыгы шектүү учурда дайындалат жана башка экспертке тапшырылат.

Кошумча жана кайрадан экспертиза жүргүзүү ушул беренеде каралган талаптарды сактоо менен дайындалат.

 

Салыктык иш-аракеттерди  жүргүзүүдө түзүлгөн протоколго коюлуучу жалпы талаптар

 

1. Ушул Кодексте каралган  учурларда текшерүүнү ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө протокол түзүлөт.

2. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) анын аталышы;

2) конкреттүү иштер жүргүзүлгөн  жер жана күн;

3) иш-аракеттердин башталуу жана  аяктоо мезгили;

4) протокол түзгөн адамдын кызматы,  аты-жөнү;

5) иш-аракеттерге же аны жүргүзүүгө  катышкан ар бир адамдын аты-жөнү, ал эми зарыл учурларда - анын  дареги, жарандыгы, мамлекеттик же  расмий тилдерди биле тургандыгы  тууралуу маалымат;

6) иш-аракеттердин мазмуну, аны  жүргүзүү ырааттуулугу;

7) иш-аракеттерди жүргүзүүдө аныкталган, иш үчүн олуттуу фактылар жана жагдайлар.

3. Протокол иш-аракеттердин өндүрүшүнө  же аны жүргүзүүгө катышкан  бардык адамдар тарабынан окулат. Көрсөтүлгөн адамдар протоколго  киргизилүүгө же ишке тиркелүүгө  тийиш болгон сын-пикирлерин айтууга укуктуу.

4. Протоколго аны түзгөн салык  кызматы органынын кызмат адамы,  ошондой эле иш өндүрүшүнө  катышкан же аны жүргүзүүгө  катышкан бардык адамдар кол  коюшат.

5. Протоколго фотографиялык сүрөттөр  жана негативдер, киноленталар, видеожазуулар  жана иш-аракеттер жүргүзүүдө аткарылган башка материалдар тиркелиши мүмкүн.


Информация о работе Салыктык текшерүүлөр (КРсынын салык кодексинде 13-главада 100-статья)