“Манас” эпосун жыйноо, жазып алуу, басып чыгаруу тарыхы

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 21 Декабря 2013 в 23:44, доклад

Краткое описание

«Манас» эпосуна биринчи илимий пикир айткан адам Ч.Валиханов. Ал минтип жазган: «Манас – бир мезгилге келтирилген жана бир кишинин –Манасбаатырдын тегерегине топтолгон бардык кыргыз мифтеринин, жомокторунун, санжыраларынын энциклопедиялык жыйнагы». Айрыкча «Манас» эпосун жыйноо, бастырып чыгаруу, изилдөө багытында орчундуу иштер иштелди. Кыргыз фольклорун изилдөөдө көрүнүктүү салым кошкондорго К.Рахматуллин, М.Богданова, Ж.Таштемиров, Б.Кебекова, С.Закироваларды да кошууга болот. Ошондой эле айрыкча «Манас» эпосунун түрдүү проблемаларын иликтөөдө зор салым кошуу менен орчундуу эмгектерди жазгандардын катарына: М.Ауэзов, С.Мусаев, Р.Кыдырбаева, Б.Юнусалиев,Р.Сарыпбеков, В.Жирмунский, С.Бегалиев, Э.Абдылдаевдер кирет.