Эпос Манас энциклопедия кыргызского народа

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 10 Января 2013 в 08:09, реферат

Краткое описание

Кыргыз элинин кеңири белгилүү өзгөчө зор көлөмдөгү баатырдык эпосу. Кыргыздардын көптөгөн кылымдар бою өз билгендери менен табылгаларынын алгылыктуулары, басып өткөн жолу менен башынан кечирген окуялары жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан казынанын милдетин аткарып, элдин ыйык тутуп, укумдан-тукумга сактап, улам толуктап келе жаткан улуу мурасы, эл турмушунда мааниси, орду боюнча улуттук сыймыгы катары баалануучу чыгарма. «Манасты» Жалпы дүйнөлүк илимде кабыл алынган салтка ылайык эпос деп атоо жана ага таандык өзгөчөлүктөрдү «эпос» илимий термининин мыйзамдык талаптарына ылайык кароо туура.

Вложенные файлы: 1 файл

Эрик.doc

— 101.00 Кб (Скачать файл)

Манас эпосу - кыргыз элинин өтмүшү жана келечеги

Кулаалы кармап куш кылдым,

 Курама жыйып журт  кылдым.

(Манастан)

Кыргыз элинин кеңири белгилүү өзгөчө зор көлөмдөгү баатырдык  эпосу. Кыргыздардын көптөгөн кылымдар бою өз билгендери менен табылгаларынын алгылыктуулары, басып өткөн жолу менен башынан кечирген окуялары жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан казынанын милдетин аткарып, элдин ыйык тутуп, укумдан-тукумга сактап, улам толуктап келе жаткан улуу мурасы, эл турмушунда мааниси, орду боюнча улуттук сыймыгы катары баалануучу чыгарма. «Манасты» Жалпы дүйнөлүк илимде кабыл алынган салтка ылайык эпос деп атоо жана ага таандык өзгөчөлүктөрдү «эпос» илимий термининин мыйзамдык талаптарына ылайык кароо туура.

 Жанрдык белгиси  боюнча «Манас» - баатырдык эпос. Эпосто кыргыз фльклорунун көптөгөн жанрлары да синтездештирилген, бири-бирине жуурулушуп, эпостун мазмунуна сиңиштирилген. Кошoктордон, насаат ырлардан тартып, санат-насыяттарга, макал-лакаптарга, жөө жомоктордун түрлөрүнөн тартып уламыш, мифтерге чейин эпостон табууга болот. Mазмунунун өзгөчө кеңдигине карабастан, «Манас» - жогорку көркөмдүккө ээ чыгарма, анын окуялары композициялык бир бүтүндүккө баш ийип турат. Бардык окуяларды бириктирип турган кызыл сызык – Манас баатырдын өмр жолу жана баатырдык иштери. Эл ишениминде «Манас» деген оор ысымды бала көтөрө албайт, эгер ошол атка татыктуу болбосо, наристе жаш курагында эле чарчап калат делген. «Манастын» негизги окуялары, сюжеттик линиялары менен элдин тааныш болушу, чыгармадан бир нече сап ырды жатка билбеген кыргызды табуу кыйын экендиги эпостун эл арасында кеңири белгилүү экендигинин далили.

 «Манаска» болгон  элдин ушундай өзгөчө мамилесинен  улам дүйнөдө теңдешсиз зор  көлөмдүү көркөм чыгарма түзүлгөн. өзү сыяктуулардын ичинде көлөмү боюнча бул дүйнөдө «Манаска» теңдеш эпос жок. Манасчы Саякбай Карала уулунан жазылып алынган эпостун үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 500553 сап ыр. Бул көлөм гректердин «Иллиадасын» (15693 сап) менен «Одиссеясын» (12110 сап) бирге кошкондогу (27803 сап ыр) көлөмүнөн 20 эседей көп. «Манастын» ошол бир эле варианты илимде узак убакыт эң көлөмдүү эпос эсептелип келген инди элдеринин «Махабхаратасынан» (200 000 сап ыр) эки жарым эсе чоң. Бүгүн илимге «Манас» эпосунун түрдүү көлөмдөгү жетимишке жакын варианты белгилүү. Чыгарманын илимге белгисиз тексттерин эл арасында иликтеп таап, азып алуу иштери улантылууда.

"Манас" эпосу  - кыргыз элинин кылым карыткан  карт тарыхы жана рухий кенчи.  өткөндү билбей азыркы күн  менен жашоо жолсуз чөлгө кирип,  анда максатсыз тентүүгө тете. Тарыхы болбой туруп ар кандай элдин азыркысы жана келчеги болбой тургандыгына мен терең ишенем. өткөнгө сарамжал мамиле кылуу кыргыздын улуттук мүнөзүнө айрыкча таандык. Тарыхчы бабабыз Осмоналы Сыдыков айткандай, "Ар иште тартип боюнча баруу керек, эң оболу өзүңдүн уруктарыңды билип, андан кийин башка калкты билүү керек". Улуу Конфуций "Келечекти аңдап билүү үчүн өткөндү окуп үйрөнгүлө" десе, М. Ф. Достоевский "Улуттук көрөңгөсүз, элдик аңызсыз эч нерсе өспөйт жана эч кандай мөмө болбойт. Ар кандай мөмө-жемиш өсүш үчүн өзүнүн топурагы, өзүнүн климаты, өзүнүн тарбиясы болуш керек" деп айткан. "Манас" кыргыз элинин тээ байыртан бери келаткан тарыхы, бүтүндөй акыл эс философиясы жана улуттук көрөңгөсү болуп саналат. Бул жөнүндө кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов: "Манас - кыргыз элинин рухунун туу чокусу", - деп бекеринен айткан эмес.

 Кыргыз эли дүйнө  элдерине "Манас" эпосу менен  белгилүү. Кыргыз элинин биринчи  кагаз бетине түшүрүлгөн көркөм  чыгармасы да, басмадан биринчи  чыкканы да, башка элдердин тилине биринчи которулганы да ушул - "Манас" эпосу. Манас бабабыз жөнүндө XV-XVI кылымдарда Сейф ад-Дин Ахсыкендинин "Мажму ат-таварих" деген китебинде маалымат берилген. "Манастын" ыр түрүндөгү текстин алгач кагаз бетине түшүргөн адам - казак элинин көрүнүктүү окмуштуусу Чокан Валиханов. 1856-жылы май-июлда орус аскердик чалгындоо саясатына катышып, Ысык-Көл аймагына келип, "Көкөтөйдүн ашынан" үзүндү жазып алат. 1901-жылы "Көтөтөйдүн ашы" Ч. Валихановдун "Жуңгария очерктери" деген эмгегинде биринчи жолу орус тилинде басылып чыккан.

 Белгилүү түрколог, академик В. В. Радлов "Манастын" үч бөлүгүн бүт жазып алып, ал материалдарды өзүнүн "Түндүк  түрк урууларынын элдик адабияттырын  үлгүлөрү" - деген он томдук  эмгегинин бешинчи томуна кийирип, 1885-жылы Санкт-Петербургда басып чыгарган. Эпостун баш сөзүндө В. В. Радлов "Манас" эпосу кыргыз элдин бардык турмушунун көркөм энциклопедиясы экендигин баса белгилеген. 1911-жылы венгер окмуштуусу профессор Георг Алмаши "Манастан" үзүндүнү "Келети Сземле" аттуу журналга Будапештте чыгарган.

"Манас" эпосун  жыйноо, жазуу, изилдөө XX кылымдын 20-жылдарында кайрадан колго алынган.  Эпосту алгачкы жазуу иштери  К. Мифтаков тарабынан 1922-жылы  башталган. 1926-жылы Ы. Абдрахманов  талбаган эмгек, бир топ мээнет  менен залкар манасчы С. Орозбаковдон эпостун биринчи бөлүгүн толугу менен жазып алган. Анын көлөмү 180 378 ыр сабынан турган. 1938-1940-жылдарга чейин эпостун негизги бөлүгү "Чоң казат" орус тилине которулуп, "Великий поход" деген ат менен өзүнчө китеп болуп чыккан. 1930-1947-жылдардын аралыгында К. Жумабаев, Ы. Абдрахманов, Ж. Рисов, К. Кыдырбаевалар 500 553 сап ырды Саякбай Каралаевден жазып алышкан. Мунун "Манас" эпосуна тийиштүүсү 84 513 сап ыр болгон. 1937-1939-жылдары Тоголок Молдо өз вариантын 48 492 сап ырды жазып тапшырган. Казак эл жазуучусу Мухтар Ауэзов "Манас" эпосун изилдөөгө чоң салым кошкон. Ал "Манас - кыргыздын баатырдык эпосу" деген эмгек жазган.

1995-жылы БУУнун 49-сессиясында  кыргыздардын "Манасы" жөнүндө  сөз болуп, "Манастын 1000 жылдыгы"  маарекеси белгиленген. Мына ошол "Манас - 1000" маарекесинде БУУга мүчө болгон жүздөн ашуун өлкөгө кыргыздар да, "Манас" эпосу да таанылды.

"Манас" эпосун  илимий жактан изилдөөдө, элибиздин  нечен кылымдардан бери келе  жаткан улуу мурасын сактоодо, калайык калкка жеткирүүдө академик Б. Юнусалиевдин, акын жазуучулар А. Токомбаев, К. Маликов, Т. Сыдыкбековдун, окумуштуу тилчилер Тазабек Саманчин, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, Калим Рахматулин, Жапар Шүкүровдордун эмгектери зор.

 Манас - кыргыз элинин  чачылганын жыйнаган, кыргыз жерин жат душмандардан сактап калган, кыргыз элинин бүгүн эл болуп, журт болуп, эгемендүү мамлекет болуп калуусуна канын төгүп жанын берген инсан. 2200 жылдык тарыхы бар нечен кандуу кармаштарды, кызыл кыргын согуштарды башынан өткөргөн, ата-бабабыз ат жалында төрөлүп, ат жалында жашоо өткөргөн кыргыз эли тар жол тайгак кечүүлөрдүн далайын өтүп, кыргыз деген аты сакталып, "Манастап" ураан чакырып, эркиндикте дагы далай кылым жашай берсиң!

 

БАБАБЫЗ МАНАС  ЖАНА «МАНАС» ЭПОСУ ТУУРАЛУУ

  «Манас» эпосу  кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан асыл мурасы, баа жеткис байлыгы, маданиятыбыздын туу чокусу. Көлөмү, мазмуну жагынан ааламда теңдешсиз улуу чыгарма.

     Ал дүйнөгө  атагы чыккан гректердин «Илиада  менен «Одиссеясын» кошкондогудан  20 эсе, индустардын «Махабхаратынан» 2,5 эсе, фарсы тилинде чыккан «Шах-намеден 5 эсе, карел-фин эпосу «Калеваладан», армян эпосу «Давид Сасунскийден» алда канча көлөмдүү.

      «Манас»  эпосу басма сөздөрдө биринчи  жолу 1505-жылдарда жазылып бүткөн  «Мажму атут -таворих» (Тарыхтардын жыйнагы, Бишкек, 1996-жыл,45-62-бб. ) китебинде айтылат.

      Казактын  окумуштуусу Чокон Валихапов  (1835-1865) 1856-жылы полковник Хоментовский  башчылык кылган орус экспедициясына  кошулуп, Ысыккөлгө келгенде Түп  аймагынан белгисиз манасчыдан  «Көкөтөй кандын ашын» жазып алган. 1904-жылы Санк-Петербургдан жарык көргөн «Жунгария очерктери» деген эмгегинде «Манас» эпосу жөнүндө өзүнүн ой-пикирин кеңири баяндаган.

     Ал эми  Василий Радлов (1837-1918) «Түндүк түрк  урууларынын элдик маданиятынын  үлгүлөрү» деген китебинин кириш сөзүндө «Манас» эпосуна жогору баа берген.

     «Манас»  эпосунун ааламдагы теңдешсиз  күчүнө жипсиз байланган улуту  немис, бул улуу окумуштуу кыргыз  жергесинде бир нече жолу болуп,  азыркыдай илим-билим өнүкпөгөн,  жазма техникалары болбогон, ойдогудай котормочу жок заманда 12454 саптан турган «Манастын» үч илтигин бир топ түйшүк тартып жазып алган. 1885-жылы Санк-Петербургда кыргыз тилинде, Германиянын Лейпциг шаарында немис тилинде чыгарган.

      «Манас»  эпосун жыйноо, изилдөө, басмадан чыгаруу, калайыктын калың катмарына жеткирүү 20-кылымдын 20-жылдарынан кийин гана колго алына баштаган. Эпосту алгачкы жазуу иштери К. Мифтаков тарабынан 1922-жылы башталган. 1926-жылы Ы. Абдыракманов талыбаган эмгек, бир топ мээнет менен залкар манасчы С. Орозбаковдан эпостун 1-бөлүгүн толугу менен жазып алган. Анын көлөмү 180378 ыр сабынан турган.

     1925-жылы  «Семетейдин» үзүндүсү Москвадан  араб тамгасы менен китеп болуп  чыгат.

     Ал эми  30-жылдардын ичинде Саякбай Каралаев, Тоголок Молдо, Багыш Сазанов, Шапак Ырысмендеев, Жаңыбай Кожеков, Акмат Ырысмендеев, Актан Тыныбеков ж. б манасчылардан манастын варианттары жазылып алынат. Ушуга удаа эле «Манасты» басмадан чыгаруу жана орус тилине которуу иштери колго алына баштайт. Бул ишке белгилүү окумуштуу, профессор Е. Д. Поливанов, атактуу котормочулар: С. Липкин, Л. Пенковский, М. Тарковскийлер тартылат.

     1935-жылдын  февраль айында республиканын  Эл комиссарлар Совети «Манасты»  басмадан чыгаруу жөнүндө атайы  чечим чыгарат жана бул максатта 80 миң акча каражатын бөлөт.

     Кан күйгөн  Улуу Атамекендик согуш мезгилинде  да «Манасты» жыйноого, бастырууга  өзгөчө көңүл бөлүнүп, «Манас»  сериялары деген жалпы ат менен  эпостун көптөгөн варианттарынын  негизинде он бир жолу китепче  чыгарылат.

     1943-жылдан  баштап С. Каралаевден «Семетей», «Сейтек» жазылып алынат. Ошол мезгилдерде М. Мусулманкулов баш болгон башка манасчылардан манастын варианттары кагаз бетине түшүрүлөт.

     1947-жылы  кыргыз элинин улуу эпосу «Манастын» 1100 жылдык юбилейин өткөрүү белгиленет. Бул максатта 1945-жылы «Манас» эпосунун юбилейин өткөрүү боюнча республикалык комитет түзүлөт. Бир катар уюштуруу иштери жүргүзүлүп, эпостун 14 тому басмага даярдалып, 4 тому өндүрүшкө берилет. 1948-жылы эпостун С. Липкиндин котормосунда 2-томдугу, Л. Пенковскийдин котормосунда 3-томдугу даяр болот.

     1952-жылдын 6-10-июнунда  СССР ИАнын Президиумунун демилгеси  жана СССР ИАнын Кыргыз филиалы  менен СССР ИАнын тил жана  адабият бөлүмү жетекчилик кылган  төрт күнгө созулган, «Манас»  эпосун изилдөөгө арналган конференция өтөт.

      Конференцияга Кыргызстандын,  Москва, Лениграддын жана союздук  республикалардын илимий кызматкерлери,  жазуучулар, советтик жана партиялык  кызматкерлер, коомчулуктун өкүлдөрү, баары 400гө жакын киши катышкан.

      Конференцияга  Өзбек ССРинин ИАнын мүчө-корреспонденти, профессор А. К. Боровков «Манас» эпосунун элдүүлүгү жөнүндөгү маселе» боюнча доклад жасаган. Бул темага байланыштуу философия илимдеринин кандидаты А. Д. Дөөлөткелдиев жана СССР ИАнын М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институнун старший илимий кызматкери М. И. Богданова кошумча доклад жасашкан.

      «Манас»  эпосунун негизги варианттарына  обзор» деген темада экинчи  докладды жазуучу Ө. Жакишев  жасаган. Ошондой эле эпостун варианттары боюнча К. Маликов, филология илимдеринин кандидаты А. А. Валитованын кошумча докладдары угулган.

      Конференцияда  ошондой эле филология илимдеринин  кандидаты Б. Керимжанова, Кыргыз  ССРинин эл акыны А. Токомбаев,  Сталиндик сыйлыктын лауреаты Т. Сыдыкбековдун кошумча докладдары, «Манас» эпосун изилдөөнүн милдеттери жана абалы жөнүндө» СССР жазуучулар Союзунун башкармасынын мүчөсү, профессор Л. И. Климовичтин доклады угулган.

     Докладдарды  жана кошумча докладдарды талкуулоого М. Ауезов, А. Бернштам, Б. Юнусалиев баш болгон белгилүү окумуштуулардан, илимпоздордон бардыгы болуп 24 киши катышкан.

     Конференция  өз чечиминде «Манас» эпосу  негизинен элдик экендигин белгилеген. Ошондой эле «Манасты» жыйноодо, изилдөөдө, басмадан чыгарууда, орус тилине которууда айрым кемчиликтерге жол берилгендиги көрсөтүлгөн.

      «Манас»  эпосун жыйнап, текстин басып  чыгарып даярдоону зарыл деп  тапкан.

      Бул  конференция «Манас» эпосун мындан  ары изилдөө, жыйноо, басмадан  чыгаруу иштерине кенен жол ачкан.

     1954-жылы  Тил жана адабият институтунда  «Манасты» изилдөө, үйрөнүү, бастыруу  максатында атайын сектордун  уюштурулушу «Манас» эпосун калайык  калкка жеткирүүгө шарт түзүлдү.

     Эпостун  бириктирилген кыскача варианты, 1958-жылы «Манастын» 1-2-китеби, 1959-жылы «Семетейдин», 1960-жылы «Сейтектин» басмадан жарык көрүшү кыргыз маданиятында урунттуу окуялардын бири болуп калды.

     Эпостун  үзүндүлөрү орус тилинде өзүнчө  китеп болуп, эки жолу жарык  көргөн.

     С. Орозбаковдун  варианты боюнча 1978-1981-ж. ж. «Манас» эпосунун 4 китеби, С. Каралаевдин варианты боюнча «Манастын» 1-китеби 1984-жылы, 2-китеби 1986-жылы, «Семетейдин» 1-китеби 1987-жылы, 2-китеби 1989-жылы, «Сейтек» китеби 1991-жылы жарык көргөн.

     Академик  В. М. Жирмунский, илимдин докторлору А. Н. Бернштам, А. А. Петросян, М. И. Богдановалар «Манас» эпосуна аябай кызыгышып, анын идеялык-көркөмдүк жагын изилдеп, бир катар баалуу илимий эмгектерди жазышкан.

     Казак элинин  окумуштуусу, дүйнөгө белгилүү  улуу жазуучу Муктар Ауезов 1928-жылы алгачкы жолу С. Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосу менен таанышып, анын сыйкырдуу керемет күчүнө тартыла баштаган. Кийинчерээк кыргыздарга үзбөй катташып, залкар манасчы Саякбай Каралаев менен достошуп, анын өз оозунан далай жолу «манасын» уккан. Эпосту узак жылдар бою изилдеп, «Манас»- кыргыз элинин баатырдык эпосу» деген көлөмдүү эмгегин жараткан.

     1952-жылы  «Манас» эпосу боюнча өткөрүлгөн  конференцияда Муктар Ауэзов  кыргыздын белдүү окумуштуулары,  жазуучулары, коомчулук менен  бирдикте эпостун маанисин бурмалап, анын келечек тагдырына балта чаба турган айрым ичи тар, көрө албас, журтбезер, бузукулардын кара ниет ойлорун таш каптырып, кемчиликтерин ашкерелеп, «Манастын» нукура элдик чыгарма, кыргыз элинин өлбөс-өчпөс, көөнөрбөс мурасы, баа жеткис энциклопедиясы экендигин далилдеп чыгышкан.

Информация о работе Эпос Манас энциклопедия кыргызского народа