Шпаргалка по дисциплине "Кыргызский язык"

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 07 Сентября 2014 в 16:11, шпаргалка

Краткое описание

Работа содержит ответы на вопросы для экзамена по дисциплине "Кыргызский язык".

Вложенные файлы: 1 файл

кыргызский шпора.doc

— 191.50 Кб (Скачать файл)

Аялдардын кийими адаттагыдай эле ич кийим,сырт кийим,  баш жана бут кийимден турган. Аялдардын  ич кийими жөнөкөй жана кийгенге ыңгайлуу болгону менен, ызгардуу кышта жылуулукту сактап, саратан мезгилинде ысыктан коргоп турган денеге ырас келген матадан тигилген.

Шөкүлө - күйөөгө чыгуучу кыздын үйлөнүү үлпөтүндө кийүүчү баш кийими. Шөкүлө шоңшогой (конус) түрүндө тигилет. Кыргыздарда шөкүлөнүн бир нече түрү кездешет. Анын жердиги абдан жакшы бышырылган ак кийизден тигилип, үстү саймаланып, шуру басылып, чокусуна, капталдарына үкү же тумарчалар тагылган. Шөкүлөнүн экинчи түрү ортосуна жүн салынып шырылып, сырты кызыл же кызыл кочкул манат, нооту баркыттан тигилген. Ар түрдүү өңдөгү матадан же кийизден, ичтелип, кулакчыны кундуз, суусар, түлкү, кулун өңдүү аң жана мал терилери менен кыюуланган.Үчүнчү түрү баркыттан шырылып, төбөсүнө же каптал тарабына тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын, үкүнүн канаттары тагылып, төбө алкагы күмүш, маңдайы маржан, бермет, алтын менен аземделип көркөмдөлгөн. Шөкүлөнү  адатта кыз тарап жасаган. Кыз күйөөсүнүн айылына келгенден кийин шөкүлөнү чечип, элечек кийген. Шөкүлө кийинчерээк салт боюнча кыздын ата-энесиникине кайтарылып берилген.

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОЮНДАР

Ар бир эл өзүнүн салты,  үрп-адаты менен гана эмес өздүрүнө тиешелүү болгон (салттык) улуттук оюндары менен да айырмаланат. Ал эми кыргыз элинин улуттук оюндары болуп ордо, тогуз коргоол, оромпой, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, аңгилдек, уюм тууду, селкинчек, упай жана башка ат оюндарынын түрлөрү эсептелет.

Аркан тартыш- эки тараптан бирдей санда чыккан балдар же жигиттер белгиленген сызыктын эки жагына чубай турушуп, баары бир арканды кармашып, бирдей мезгилде өз тарабын көздөй тартышкан мелдеш оюну. Калыс адам белги берери менен аркан тартыш башталат. Каршысындагы оюнчулардын алдыңкысын белгиленген чек сызыктан өткөрө тартса, сүйрөп кеткен тарап утат. Мындай оюн күрөш, бука тартыш, оодарыш сыяктуу чоң жыйындарда, тойлордо, аштарда өткөрүлгөн. Азыр деле өткөрүлүүдө. Кээ бирде арканды жекеме-жеке да тартышат.

Беш таш, же топ таш – жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго экиден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын бир тарабынан бирөө колундагы таштарды жерге чачат. Арасынан бир ташты алып аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып ыргытылган ташын тосуп алат. Жыдыбай жердеги төртөөнү бирден алып, оюнун улантып, экиден, үчтөн, акыры төртөөнү чогуу бир жолу алып утат. Эгер макулдашуу узак ойноо болсо, беш ташты көкөлөтө акырын ыргытып, анын бирөөсүн колунун сыртына то­суп, анан аны кайра жогору ыргытып, ташты ыргыткан колунун алаканы менен тосуп алат. Жерге түшкөн таштар­ды сол колунун бармак, сөөмөйүн жерге такап, экөөнү алдынан өткөрө бирден шилтейт. Жыдыбай баарын өткөрсө, оюнун улап экиден, үчтөн, акыры төртөөнү бир шилеп өткөрөт. Жыдыса, оюнду атаандашынын кезектегисине бе­рет.

Тогуз коргоол- кыргыздардын эң байыркы элдик оюндарынын бири. Кыргыз элинин көчмөн шартына жараша тогуз коргоол оюнунун тактасы көбүнчө чуңкурча казылып жерге жасалган.Кийин таш, жыгач колдонула баштаган. Коргоолчолор коргоолдон, чоподон, чөптүн уругунан, жыгачтан жана башкалардан жасалган.

Кыргыз эли байыртадан эле маданияттуу жана көңүлдүү дем алууга көңүл бөлүшкөн. Мындай көңүл ачуунун бири тогуз коргоол оюну болгон. Айылда, айылдар арасында тогуз коргоол боюнча өз ара мелдештер уюштурулган. Жеңүүчүлөргө байге берилген.

Ошентип тогуз коргоол оюну байыртадан кыргыздын эл­дик, улуттук оюну болуп, кыргыз эли менен бирге кылымдар бою жашап келе жатат. Тогуз коргоол оюнун кыргыз эли сыяктуу казак эли да ойнойт. Алар «тогуз кумалак» деп аташат. Тогуз коргоол оюну, аны ойноп жаткан адамдардын эсептөө, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрөт.Оюнду эки оюнчу ойнойт. Оюнга катышуучулардын жашы чектелбейт. Тогуз коргоол оюнунун максаты – ар бир оюнчу же жаат мүмкүн болушунча көп коргоол алууга аракет жасайт. Оюндун акырында кайсы оюнчунун же жааттын упайлары көп болсо, ошол оюнчу, же жаат утат.

Ат чабыш - кыргыз элинин эң маанилүү жана кызыктуу оюндарынан. «Манас» эпосунда да ат чабыш жөнүндө көп маалыматтар бар. Күлүк аттарды саяпкерлер таптайт. Чабылуучу аттын кандай күлүк экендигин алдын- ала көрө билген сынчылар, чабышка түшкөн аттардын сүрөөчүлөрү болот. Ат азыр көбүнчө айлампада, кээде түз жолдо чабылат. Атты токулуу да, жайдак да чапса болот.

Күлүктү минип чапкан бала чабандес деп аталат. Мелдешке 8-14 жаштагы уландар, үч жаштан жогорку бардык тукумдагы атты минип катыша алат. Ат 1200 метрден 50 километрге чейинки аралыкка чабылат. Ат чабышта жолду кыскартууга, башка бирөөнүн атын камчы менен чабууга, жолун тороого болбойт. Күлүктөрдүн алдыга чыгып келгендерине жараша жеңүүчүлөр аныкталып, байге ыйгарылат.

Эгер аттар бир нече кезекке бөлүнүп чабылса, анда байге убакыт боюнча (ээлеген орду) аныкталат. Ат чабышта күлүктүн алдыга чыгып келиши анын саяпкерине жана саяпкердин айтканын так аткарган чабендеске жараша болот.

УЛУТТУК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАР


Кыргыз эли коңшулаш элдерден рухий дүйнөсүнүн өз бөтөнчөлүгү , оригиналдуулугу менен айырмаланган, жогорку көркөмдүктөгү маданий мурас жарата алган. Анын өзгөчөлүгү , өз алдынча стилге ээ экендиги музыкалык аспаптардан ачык көрүнөт. 
Кыргыздын музыкалык аспаптарынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул алардын бир эле мезгилде күнүмдүк турмушта , ырым-жырым, үрп –адаттарында ж.б. кеңири колдонулуп келгендигинде. 
Кыргыз эли колдонуп келген музыкалык аспаптар анын турмуш тиричилиги, салт-санаасы менен тыгыз байланышта болгону жалпыга белгилүү. Ал аспаптардын сырткы түзүлүшүнө, жалпы көрүнүшүнө, элибиздин социалдык, чарбалык карым-катнашы, улуттук бөтөнчөлүгү, эстетикалык, философиялык көз карашы, көркөм өнөрдү баалай билүүсү өз таасирин тийгизбей койгон эмес.Ошондуктан аспап өткөн замандын музыкасына баа берүүдө, анын тарыхый өзгөчөлүктөрүн туура түшүндүрүүдө бөтөнчө мааниге ээ. Себеби аспаптын өзү анын калдыктары (археологиялык эстеликтерде, сүрөт-чиймелерде, кол жазмаларда, эскерүүлөрдө болсун) көптөгөн кылымдар бою жашап келаткан элдик музыканын колго кармалчу, көзгө көрүнгөн бирден бир күбөсү. 
Элибиздин өткөн тарыхын, маданиятын, кылымдарды камтыган салт-санаасын, эстетикалык касиетин, көркөм дүйнөсүн үйрөнүүнүн негизги булактарынын бири болгон музыкалык аспаптардын баалуулугу, керектүүлүгү мына ушунда. 
Колдо болгон маалыматтарга караганда байыркы Енисей кыргыздарынын музыкалык аспаптары жөнүндөгү эскерүүлөр Тан дооруна тийиштүү жазуу даректерине барып такалат. Ал маалыматтар 7-10- кылымдарды камтыйт. Мындай маалыматтар өзгөчө өткөн кылымдагы географ-саякатчылардын, тарыхчы этнографтардын сапардагы кезде жазган эскерүүлөрүндө, илимий эмгектеринде арбын кездешет. Алсак, Семенов-Тянъ-Шанский, Н.Северсев, Ч.Валиханов Ф.Поярков , Г.Загряжский, С.Дмитирев ж.б. элибиздин турмуш тиричилигинин өзгөчөлүгүн сыпатто менен катар анын музыкалык аспаптары жөнүндө да маалыматтарды беришкен. 
1870-1883-жылдары жергебизде болуп кетишкен музыканттар А.Эйгор, француз саякатчысы Г.Капюно элибиздин бир нече музыкалыкаспабы тууралуу жазуу менен чектелбестен, аткарылган күүлөрдүн кээ бир үлгүлөрүн нотага түшүрүп калтырышкан 
Музыкалык аспаптардын ичинен кыргыз элинде кеңири тараганы комуз жана кыл кыяк. 
Комуз – кыргыз элинин чертме кылдуу музыкалыкаспабы. Түрк элдеринде тартма, кылдуу жанакакма кобус (хобус), кобус (хомуз), кумуз деп аталган аспаптар бар. Бул комуздун эң байыркы музыкалык аспап экендигин далилдейт. Комуз өрүк, алмурут карагай, арча жапан, тал өңдүү экме жана жапайы жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсүбышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталган. Комуз баш, моюн, тулку, чара, калпак, тепкек, үч кулак , үч кылдан турат. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн жасалат, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен бир кыл гана жасашкан. 
Кыл кыяк – улуттук кылдуу, жаалуу музыкалык аспап. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун, тээк жана башка бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн, сом жыгачтан чабылат. Узундугу – 65-70 см. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жарымы төөнүн териси менен капталат. Алдына туурасынан кичинекей ичке жыгачтан бертик (төшөгүч) коюлат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. Кыл кыяктын тээги үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилинип жасалып, ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа менен жанып ойнойт. Кылды аспапка тагаарда аны таза жууп, карагайдын чайырын сүйкөйт. Кыл кыяктын түрлөрү дүйнөгө, айрыкча түрк элдеринде кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын кыл кыягы тембри, добушу , күүлөнүшү, жалпы формасы, чабылышы, тартылышы жагынан казактардын кобызына, кара калпактардын кобызына, тувалыктардын илгесине, хакастардын ыыхына, алтайлыктардын иклемине окшош. Кыл кыяктын коңур добушу адамдын үн интонациясына өтө жакын. Анда адамдардын үн интонациясына өтө жакын. Анда адамдардын ар кандай турмушун, согуштук жүрүшүн баяндаган күүлөр тартылат. Адамдардын күлгөнү, ыйлаганы, кемпирдин, чалдын үндөрү, жан-жаныбарлардын аракети, табигый көрүнүштөрү так тууралып баяндалат. Кыл кыяк көбүнчө кенже эпосторду айтуучулардын, жомокчулардын, элдик ырчылардын коштоочу аспабы катары пайдаланылган. Кыл кыякта өзүнө мүнөздүү обон күүлөр менен катар комуз, темир комуз күүлөрү да тартылат. Булардан тышкары кызгыздардын чоор, ооз комуз, жылаажын, сыбызгы, керней, сурнай, добулбас өңдүү музыкалык аспаптары болгон.

УЛУТТУК БУЮМДАР


Боз үй. Боз үй көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.

Боз үйдүн ичинен төбөңдү карасаң, түндүгүнөн көк асманды, күндүз күндү, түнү айды көрөсүң. Сыртка чыксаң, кең дүйнө шарт ачылат. Чагылгандын чартылдаганын, шамалдын улуганын, дарыянын шоокумун, куштардын сайраганын даана угуп турасың. Боз үйдөн сырткы космос жана ички дүйнө менен бирге жашап жаткандай сезесиң, өзүңдү.

Кыргыздын боз үйүн жасоого кол өнөрчүлөрдүн бардык чеберлери — теричи, жыгач уста, темир уста, саймачы, оймочу, зергери, уздары катышкан. Кыргыздар боз үйдү күнүмдүк тиричиликке, сый-сөөлөткө жасашкан жана жоопкерчиликте урунушкан, анын түрлөрү көп.

Боз үйлөр чоң-кичинесине карата алтымыш баштан-жүз баш, эки жүз баш деп, керегенин башына карата бөлүнөт. Үйдүн ичи төр, улага, эр жак, эпчи жак деп төрткө бөлүнөт. Төргө кадырлуу меймандар, карыя аксакалдар, эпчи жакка казан-аяк кармаган аялдар, эр жакка эркектер, улагага кичүүлөр отурушат

Шырдак, шырдамал – кийизден жасалып, жерге салынуучу үй буюму. Бети эки бөлүктөн – ортосу же негизи (узундугу 2-2,5 метр, орточо) жана четинен (25-35 сантиметр) турат да, кыюусу (6-10 сантиметр), жээги (0,5-1,0 сантиметр) болот.

Шырдак жасоо үчүн кийиз жасалат. Шырдактын бети болуучу ак кийиз ар кыл түскө боёлот. Андан шырдактын бөлүктөрү бычылат, ар бирине оймо түшүрүлүп, оюлат. Оюлган кийиздин бири оймо, экинчиси бет болот. Булар бири-бирине кынаштырылып жөрмөлгөндөн кийин, ортоңку бөлүгү менен четки бөлүгү кыюу аркылуу бириктирилет да, ичилиги ичтелип, шоона менен шырылат.

Оң-сол ийрилип, чыйратылган түстүү жиптен жөрмөп бириктирилген сызыгы боюнча оюулардын үстүнөн ызгыт (милте) бастырылып жөрмөлөт. Шырдактын айлана четине ак, кара кийизден каршы-терши иймек бастырылат. Шырдактын ортосуна чоң оймолор, четине, кыюусуна кичирээк оймолор түшүрүлөт.

Шырдактын жасалышында жергиликтүү өзгөчөлүктөргө карата айырмалангандыктан, анын аты ар кайсы жерде ар башкача аталат: шырымал, төрбөлжүн, оймо теке, ободо, түр кийиз жана башка.

Өлчөмүнө карай чоң шырдак (420×180 см), орто шырдак (330×150 см), кичине шырдак (250×100 см) болуп бөлүнөт.

Камчы – унааны, малды айдоо учун колдонулуучу буюм.Камчы зарыл учурларда куралдын да милдетин аткарган. Саптан, камчынын өрүмүнөн, бүлдүргөдөн турат. Сап табылгы, ыргай, четин, кайыңдан жана эликтин шыйрагынан (туягы менен кошо) жасалат.

Камчылар эркектики жана аялдыкы болуп шарттуу түрдө экиге бөлүнөт.

Камчынын кармай турган жерине булгаары каптап, кооздук үчүн төкмө чачы тагылат. Анын төмөн жагына камчы колдон түшпөс үчүн камыштан илгич – бүлдүргө бекитилет. Камчынын өрүмүнүн башына калай кадалат. Өрүмү жанбас үчүн өрүмдүн башынан, ортосунан, учунан түшкөн түйүмү түйүлөт. Өрүмдүн терме, суйсалма, жылан боор, котур, музоо тиш, бугу жана башка түрлүрү бар.

 

  1. Кыргыздын тарыхый инсандары

Жусуп Баласагын — дуйнолук руханий маданияттын ири окулдорунун бири. Ал изилдоолорго Караганда, 1018-жылы азыркы Токмок шаарынын туштук тарабындагы Бурана эстелиги турган жерде — оз учурунда акындардын, окумуштуулардын, кол онорчулордун шаарына айланган Баласагында туулган.

Жусуп Баласагын озунун «Кут билим» («Кутадгу билиг») аттуу 13000 саптан турган чыгармасын эски турк тилинде, 1069—1070-жылдары 18 айдын ичинде жазган. Бул дастан акылмандыкка жол корсотот, адамды, табиятты сыйлоого чакырат. Жусуп Баласагын бул эмгегинде адеп-ахлактын ар бир улгусун, таасирин, коомдук тузулуштун мыйзамын, тартип эрежелерин, ал тургай адам оз боюн кантип алый журушу керек экендигине чейин баяндап айткан.

Биздин ата-бабаларыбыз дал ушундай куттуу, касиеттуу сездерден тарбияланып, таалим алган. Ал таалим муундан-муунга уланып биздин кунго жеткен. Данктуу дастандын кириш болумундо ал Баласагын шаарында туулгандыгы, дастанын Кашкарда жазып бутуруп, Табгач ханга (Кашгар ханы) тартуулагандыгы, ушул эмгеги учун «хасхажит» деген наамга ээ болгондугу айтылган.

   Курманжан датка - (1811-1907) Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулган. Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон.

 

  1. Кыргыз эл баатырлары

БААТЫР –1. түрк, моңгол элдеринде жоокерлик эрдиги ж-а кызматы үчүн айрымкишилерге берилген атак; 2.  согушта  көрсөткөн  эрдиктери,  о.  эле өндүрүштө, илимде,  маданиятта  ж-а  эл  чарбасынын  башка тармактарында иштегендердин артыкча ийгиликтери үчүн берилген наам. Революцияга чейин кыргыздын ири манаптарынын көбү өздөрүн Б. деп аташса, алардын мүдөөсү

н коргоп уруу намысын талашкан жоокер адамдар да Баатыр аталган.Советтикдоордо Баатыр деген түшүнүктүн мааниси өзгөрүп, Совет мамл-нин мүдөөсүн жактап, эрдик көрсөткөн жарандарга Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наам берилген. Граждандык ж-а Улуу Ата Мекендик согушта, о. эле бейкут күндөрдө космос мейкиндигин изилдөөдө эрдик көрсөтүшкөн жоокерлерге, учкуч-космонавттарга  да  Советтер  Союзунун  Баатыры  наамын  беришкен.  Азыркы  убакта  Кыргызстанда граждандардын өзгөчө эмгектери

үчүн  «Кыргыз  Республикасынын  Баатыры»  эң жогорку  артыкчылык даражасы  ыйгарылат.  Бул  сыйлык  Кыргыз  Респ-нын  Президенти  тарабынан  бир  гана  жолу  берилет.  Эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга«Ак шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылат. Белги сол төшкө Кыргыз Респ-нын ордендери м-н медалдарынын үстү жагына тагылат

БАЙТИК БААТЫР,

 Б а й  т и к  Канай у у л у (1817, Чүй өрөөнү – 1886, Чүй өрөөнү, өзүнүнкыштоосу, азыркы Байтик өрөөнү) – солто уруусунун чоң манаптарынын  бири. Байтиктин түп аталары Тагай бийге барып такалат. Байтик Орто Азияда Кокон хандыгы үстөмдүгүн жүргүзүп турган доордо жашаган. Тентектигинен атасынынТаластагы бир тууганы Сатылгандыкында жүргөн. Таластан кайтып келгенден кийин тыңчыккан Байтик Чүйдөгү солтолордун манабы Жаңгарачка жагып, акыры солто уруусун башкарууга жетишкен. Байтик адегенде Кокон хандыгы м-н өз араыңгайлуу дипломатиялык мамиледе болгон. Б.б. Пишпектин үстүн-дөгү Басбөлтөктү жердеп  турган.  Бийлигин  бекемдөө  үчүн  Чүйдөн  Таласка  көчүп  барып  жашап  калышкан чоңчарыктардан чыккан манасчы Балыгооздуөзүнө чакыртып алган. Көчмөн турмуштун шартында сабаты ачылба

ган элге Балыгооз сыяктуу адамдардын кадыры кандай экендигин туура түшүнгө

н. Көп маселелерди аны м-н кеңешип турган. Ошол мезгилде Кокондун ханы Малла хан Жаңгарачты өз таасиринде кармап туруу үчүн кысмакка алып,жылкыларын салык катары айдап кетип, зордук көрсөтүп турган. Пишпекчебинин (к. Бишкек чеби) беги Рахматулла даткага каршы 1862-ж дагыкөтөрүлүштүн башында Байтик турган. Солтонун баатырлары  Дуулат,  Көкүм  ж-а  Чойбек  Рахматулланы  жок  кылган.  Чүй өрөөнүндө  өкүм  сүргөн  саясий кырдаалды туура баалаган Б.б. жигиттери м-н Пишпек чебин курчап алып, бир тууганы Сатылган аркылуу Верныйдагы орус генералГ.Колпаковскийг

е жардам сурап кайрылган. Бул күрөштө Байтикке кеминдик сарыбагыштардын  чоң манабы Жантай жардамдашкан.  Пишпек  чеби  талкалангандан  кийин  Байтик  200 жигити м-н Россиянын аскерлерине кошулуп, Кокон хандыгынын үстөмдүгүнөн Олуяата, Мерке, Чымкен чептерин  бошотууга  ка

тышкан.  Олуяатада  багыш  уруусунун  манабы  Сарымсак  баштаган  1000  кыргыз Байтиктин жигиттерине кошулган. Байтик 19-к-дын орто ченинде Чүйөрөөнүндөгү кыргыздардын Россия импе-риясынын  карамагына өтүүсүнө ж-а  Россия  м-н  Кыргызстандын  байланышын  чыңдоого  түздөн-түз салымкошкон. 1867-ж. солто, сарыбагыш, саяк ж.б. кыргыз урууларынын өкүлү

катары падыша Александр IIнин Кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган. Россия империясына кылган кызматы үчүн ага аскердик  капитан даражасы  ыйгарылып,  Анна  тасмасына  тагылуучу  Чоң алтын  медаль,  ыйык Станислав ордени ж-а каухар чөгөрүлгөн шакек м-н сыйланган. Байтик элди уюштурууга жөндөмдүү, саясий маселелерди туура  чече  алган, өзүнүн  алыстыкөздөгөн  максаттарын  ишке  ашы-рууда  элге  алымдуу,  кадыр-

барктуу инсандарды колго ала билген адам болгон.

 

 

  1. Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы

Алыкул Осмонов 1915-жылы азыркы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. 

Информация о работе Шпаргалка по дисциплине "Кыргызский язык"