Элдар Аттокурдун «Сырдуу түш» ыр жыйнагы

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 29 Мая 2013 в 07:20, статья

Краткое описание

Элдар Аттокур – азыркы 21-кылымдын башатында ѳзүнѳ чейинки бай поэзиябыздын учугун улап, нечендеген алп акындарыбыз баштаган кѳчтү токтотпой алдыга жылдырып келе жаткан жаш, таланттуу акындарыбыздын бири. Анын бул «Сырдуу түш» деген аталыштагы ыр жыйнагы кыргыз поэзиясына таштаган алгачкы кадамы, алгачкы саамалыгы. Бул 57 ырдан жана 27 куплетти камтыган «Куплеттеринен» турган чакан ыр жыйнакта акындын лирикалык, патриоттук тематикадагы жана айрым философиялык мазмундагы ырлары орун алган.

Вложенные файлы: 1 файл

анализ финал.docx

— 37.18 Кб (Скачать файл)

Кыргыз-Түрк «Манас»  Университети

Коомдук Илимдер  Институту

Түркология бөлүмү

 

 

 

Финал сынагы үчүн

 

 

 

Тема: Элдар Аттокурдун «Сырдуу түш» ыр жыйнагы

 

 

 

Сабактынаталышы: Адабият теориясы

Сабактын коду: TUR-522

Даярдаган: Айчүрөк  Пардабаева

Жетекчиси: Проф., Док. ЛайлиΥкүбаева

 

 

 

 

 

Бишкек-2013

 

Элдар Аттокурдун  «Сырдуу түш» ыр жыйнагы1

        Элдар  Аттокур – азыркы 21-кылымдын башатында  ѳзүнѳ чейинки бай поэзиябыздын  учугун улап, нечендеген алп акындарыбыз  баштаган кѳчтү токтотпой алдыга  жылдырып келе жаткан жаш, таланттуу  акындарыбыздын бири. Анын бул  «Сырдуу түш» деген аталыштагы  ыр жыйнагы кыргыз поэзиясына таштаган алгачкы кадамы, алгачкы саамалыгы. Бул 57 ырдан жана 27 куплетти камтыган «Куплеттеринен» турган чакан ыр жыйнакта акындын лирикалык, патриоттук тематикадагы жана айрым философиялык мазмундагы ырлары орун алган. Акын 2003-жылы жаш калемгерлер үчүн Эл аралык Айтматов Фонду тарабынан уюштурулган «Дебют-1» аттуу жайкы мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болуп, ошол иш-чаранын жыйынтыгында жаш акындар арасында ѳткѳрүлгѳн сынакта ушул ыр жыйнакта орун алган ырлары менен «Эң жакшы поэзия» деген Эларалык Айтматов дипломун жана акчалай сыйлыкты жеңип алып, ырлары орус, англис жана түрк тилдерине которулган.

         Автор бул ыр жыйнагындагы  ырларын тѳрт бѳлүмгѳ: «Айдагы  кыз», «Ата-журт, эне», »Мен жѳнүндѳ», «Заман ырлары» деп ар бирине ѳзүнчѳ аталыш ыйгарып бѳлүштүргѳн. «Айдагы кыз» аттуу 1-бѳлүмдѳ акындын лирикалык мүнѳздѳгү, сүйүү, тагдыр темасында жазылган ырлары, «Ата-журт, эне» аттуу бѳлүмдѳ, аталышы ѳзү айтып тургандай эле патриоттук маанайдагы жана эне темасын камтыган ырлары камтылса, «Мен жѳнүндѳ» аттуу бѳлүмдѳ ѳмүр-ѳлүм, жаштык-карылык, жашоонун максаты сыяктуу философиялык мазмундагы ырлары, ал эми акыркы – «Заман ырлары» аттуу бѳлүмдѳ азыркы заман тууралуу ырлары орун алган.

        Акындын ырларынан жан-дили менен берилип жазгандыгы, акындык ѳнѳргѳ жѳн гана азыркы тил менен айтканда «хобби» катарында эмес, ѳтѳ олуттуу мамилеси байкалып турат. Анткени мейли сүйүү темасындагы ырларында болобу, мейли ата-журт же ѳмүр-ѳлүм, жаштык-карылык темасындагы ырларында болобу акындын чын жүрѳктѳн чыккан ойлору, эргүү менен берилип жазгандыгы сезилет. Автор, «Менин ырым күчтүү эмес Омор Хаям ырларындай жазылган, Бирок ырда сезимдерим гүлдѳй болуп ачылган» деп, ѳзүнүн ѳз ырларынын техникалык жагына толук канааттанбаса дагы ички дүйнѳсүндѳгү болгон сезимдерин ырларында чагылдыргандыгын айтат.

        Акындын  ырларынын ѳзгѳчѳлүгү катары  анын ырларындагы башка акындардан  айырмалантып турган оригиналдуу  лирикалык троптордун  орун алгандыгын  кѳрсѳтүүгѳ болот. Мындай лирикалык троптор ѳзгѳчѳ анын сүйүү темасында жазылган ырларында кѳп кездешет. Мисалы, «Махабат жазы» аттуу ырында:

«Кѳптѳр айтат «жетпей  калуу – сүйүү» деп,

Жетпей калса, сүйүүгѳ  ким сүйүнѳт?

Сенсиз, жаным, түбѳлүккѳ  кор болор

Сол жагымда согуп турган түйүм эт…» деп, жүрѳктүн образдуу сүрѳтүн тартат. «Жаш экенсиң!» деген ырында:

«Биздин от жанса гана!

Тамызгы болуш оңой

Чын сүйгѳн ардагыңа.

Таш экенсиң!

Туруштук бере албадым

Сен салган салмагыңа.» деген  саптар менен сүйүүсүн ойгото албаган  лирикалык каарманын ташка теңейт дагы,

«Туруптурсуң, түтпѳй бардым.

Уурданып кѳз салганча

Кайрылып тиктей калдың.

Пери экенсиң!

Бах! – этип тамшанам деп,

Эрдимди тиштеп алдым…»  деп, сүйгѳн адамына жетпей калгандыгын ѳз эрдин тиштеп алууга салыштырат. «Тагдыр тасмасында»:

 «Тартып жүрүп узун  чачтын күйүтүн,

Ѳчмѳй болду жашоодогу  үмүтүм…

Кудай ѳзү арачалап, эртерээк

Угузса экен эркин жашоо  дүбүртүн!...

Ырга айланып ѳзүмдү-ѳзүм күчтѳдүм,

Сен жѳнүндѳ калың ойго түшпѳдүм.

Бар болгону мен ѳстүргѳн бакчадан

Билдим бирѳѳ кызыл  гүлдү үзгѳнүн.

Бакча ѳстүргѳн багбандыкты  таштадым,

Бирок, үзбѳйм назик гүлүн  башканын.

Жүрѳккѳ эмес, жүрѳк мага баш ийсин,

Мен – актеру «тагдыр» деген  тасманын!»

 

 

 

1 Аттокур Элдар. Сырдуу түш. Ырлар. – Б. : «Бийиктик», 2007.- 120 б.


Информация о работе Элдар Аттокурдун «Сырдуу түш» ыр жыйнагы